Бүгүн, 23-мартта саат 9:00дө коронавирус боюнча өкмөттүн интернеттеги расмий каналы аркылуу түз эфир өтүүдө. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурган бир жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
"Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду.
Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Булар менен карым-катнашта болгон 2 628 адам табылып, үй карантинине алынды", - деди ал.
23-март саат 09:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавируска чалдыккан жаӊы жарандар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар 6 эркек, 8 аял.