16-марттан баштап, өлкөдөгү бардык мектептер жана жогорку окуу жайлар үч аптага карантинге жабылат. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул маалыматтан кийин кабатыр болгон ата-энелер "бала бакчалар карантинге жабылабы?" деген суроо менен кайрылышты.
Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда, азырынча бала бакчалар карантинге жабылбай турганын билдиришти. "Азырынча штабдан эч кандай билдирүү келе элек" дешти мекемеден.