"Nokia 3310" 20 жашка чыкты. Легендарлуу "кирпич" телефону эсиңиздеби?

Оңою менен бузулбай турган, "Жылан" оюну менен таанымал болгон Nokia телефону 2000-жылы сентябрь айында чыккан. Ага ылайык, чет элдик басылмалар бардыгы окшош бети жалпак смартфондордон тажагандар үчүн мурунку үлгүдөн кайра жанданта турган 10 телефонду сунушташат.

Nokia 8600 Luna

Ооба, көптөгөн окурмандар Nokia брендин премиум Nokia 8800 линиясы менен байланыштырышы мүмкүн. Бирок биздин жүрөгүбүз андан дагы жаш версияга таандык. Бул жерде слайдердин төмөнкү бөлүгү дат баспаган болоттон эмес, чыдамкай айнектен жасалган, ал аркылуу күтүү режиминде баскычтары жаркырап күйүп турат. Мындан тышкары баарыбыз дагы деле кээде телефондун корпусу ачыла турган, чыкылдатып баскылоо тууралуу кыялдансак керек.

Motorola AURA

Дүйнөдөгү эң адаттан тыш уюлдук телефондордун бири, тагыраагы "айланма" форма фактор, тегерек дисплей, аноддолгон алюминий клавиатура жана швейцариялык саат компаниясы тарабынан иштелип чыккан уникалдуу шарик көтөрүүчү механизм десек болот. Мындан тышкары корпустун арт жагында ушул механизмдин тиштүү дөңгөлөктөрү караган терезече бар болчу. Коллекционерлер дагы эле жайма базарларда издеп жүргөн ишенимдүү, укмуштуу жана кымбат (2000 доллар) телефон болуп саналат.

Sony Ericsson W880i

"IPhonе"го чейинки мыкты музыкалык телефон, пластик жана дат баспаган болоттон жасалган корпус менен капталган, жаркыраган экран жана эки камера, алардын бири видео чалуулар үчүн колдонулат. Бул уюлдук телефон 2007-жылдары чыккан. Аны колуна кармагандар кандай сезимде болгондорун эч унутушпаса керек.

Nokia N95

Жөн гана телефон эмес, чыныгы мультимедиа айкалышы. Бул телефон учурунда рекорддук чоң экранга, музыкалык функцияларды башкаруучу атайын баскычтарга жана Карл Зейсттин оптика орнотулган укмуштуудай 5 мегапикселдүү камерасына ээ болгон. 2007-жылкы Nokia сыяктуу бир топ өзгөчөлүктөр бизди таң калтыргандан бери көп убакыт өттү.

Samsung X820

Тарыхтагы эң ичке уюлдук телефондордун бири. Андан кийин, 2006-жылы X820 элестетүүнү таң калтырды жана бүгүнкү күндө да ал таасирдүү көрүнөт. Түстүү экран, жалпак клавиатура, жөнөкөй камера жана ийиле турган (жакшы жагынан) корпус, ушунун бардыгы 6,9 миллиметр калыңдыкта. Бул телефонго караганда жада калса iPhone 6S калыңыраак.

Blackberry Bold

Материал карылар үйүнүн бир жеринен жазылган деп божомолдосоңуз болот, бирок баарыбыз эле толук QWERTY клавиатурасында терүү iPhone сенсордук экранына караганда кыйла ыңгайлуу болгонун байкасак керек. Бул максаттар үчүн Blackberry Bold тилкесинен өткөн кемчиликсиз эч нерсе жок, мындан мыктысын адамзат али ойлоно элек.

Siemens S25

Эгер бул телефондун модели аял болсо, анда эки айдан кийин ага үйлөнсө болот. Бул тамаша эмес, шайман 1999-жылы жайында пайда болгон жана дагы деле болсо "токсонунчу жылдардын аягындагы" классикалык технологиялык дизайндын чыныгы үлгүсү. Ооба, анын салмагы 125 грамм жана антеннасы чыгып турат.

Sony Ericsson Xperia Pureness

Бул уюлдук телефон көпчүлүктүн эсинде жок болсо керек, бирок 2009-жылы Sony Ericsson биргелешкен ишканасы экраны толук тунук болгон саркеч уюлдук телефонун чыгарган. Ооба, модель анчейин ийгиликтүү болбой калгандай, сатууда да ийгиликсиз болду, бирок тунук дисплей учурунда фантазиялуу көрүнгөн.

Nokia Lumia 920

Беш жыл мурун компаниянын чуулгандуу смартфондорунун бири болгон. Windows Phone 8, операциялык тутуму менен иштелип чыккан, биз ушул кезге чейин Samsung жана Apple компанияларынан күткөн функция менен жабдылган. Толугу менен зымсыз кубаттоо. Ал үчүн телефонду атайын килемге салсаңыз жетиштүү болот. Заманбап смартфондордун көпчүлүгү муну аткара алышпайт.

Motorola RAZR

Дүйнөдөгү эң таанымал моделдердин бири десек болот. Жалпак алюминий клавиатурасы бар эң ичке капкак. 2004-жылы, RAZR чыккандан кийин, уюлдук телефондун саркеч аксессуары болушу мүмкүн экендиги айкын болду. Бир нече жылдан кийин D&G менен биргеликте атайын алтын модели чыгарылган. Мындай телефондон соң бүгүнкү күндө бардык смартфондор коёндой окшош көрүнгөнүнө дагы бир ирет өкүнүп кетесиң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Almaz-pazilbaiuulu
2020-09-04 19:32:47
Биз бала кезде кирпич көтөрүп
Көчөдө асманды карап басып калчубуз
+3
Topcubai
2020-09-04 19:51:06
Кирпич жок го
0
Nursul
2020-09-04 22:04:54
Ушул эле телефондор жакшы экен азыркыдай баш оору жок
+6
Aidar.001
2020-09-05 17:39:09
Nursul,колундакы телефон болбогондо ушул жанылыкты окубайт элен да, билбейт да, укпайт да элен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан