Ысык-Көл районундагы сел үйлөрдүн короолорун каптады

Ысык-Көл районунда сел үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-сентябрда саат 14:20 чамасында Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Көк-Дөбө айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.

"Суу каптаган жерге Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылды", - деп жазылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 19:00дө тазалоо иштери толук аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан