Кытай тандап алган сегиз өлкөгө аба каттамын ачты

Пекин аэропорту алты айлык тыныгуудан кийин, 3-сентябрда тандалган өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда. алгач коронавирусту жуктуруп алуу деңгээли салыштырмалуу төмөн болгон сегиз мамлекеттен гана Кытайдын борборуна учактар учуп кете алат. Бирок Германия менен Орусия алардын катарына кирбейт.

Европа өлкөлөрүнөн Австрия, Дания, Швеция жана Грециядан Пекинге уча алышат. Ошондой эле Таиланд, Камбоджа, Пакистан жана Канададан Кытайдын борборуна учууга уруксат берилет. Ошол эле учурда Пекин шаардык администрациясынын өкүлү жүргүнчүлөр дагы аталган өлкөлөрдүн жергиликтүү тургундары болуусу тийиш экендигин белгилеген.

Пекинге учардан мурун тандалган сегиз мамлекеттин жүргүнчүлөрү коронавирустук тесттин жыйынтыгын тапшырып, учуп келгенден кийин милдеттүү карантинден өтүп, андан соң үйдө жети күн өзүн өзү изоляцияга алышы керек.

Биринчи этапта Пекин күнүнө беш гана учак жана эң көп дегенде 500 жүргүнчү кабыл алат. Андан кийин кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн санын миңге жеткирүү пландаштырылууда.

Бул 23-мартта Кытай борборундагы аэропорттун эл аралык каттамдар үчүн жапкандан кийинки биринчи каттамдар болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан