Бангладеште мечиттеги кондиционер жарылып, 11 адам каза болду

Бангладештеги мечиттердин биринен 6 кондиционер жарылып, анын кесепетинен 11 адам набыт болду. Мындай маалымат аталган өлкөнүн басылмаларында жазылды.

Андагы маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 5-сентябрда Нараянганж шаарындагы мечитте орун алган. Мечиттин ичиндеги 6 кондиционер жарылып, намаз окуп жаткан 11 адам каза болгон, арасында жаш бала да бар экендиги айтылат. Мындан сырткары кырсыктан 50гө жакын адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Дарыгерлердин айтымында, көпчүлүгүнүн дем алуу органы жабыркап, денесинин 30 пайызынан күйүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарылуудан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 20 миң така (235 доллардан), ал эми жаракат алгандарга 10 миң така (118 доллар) төлөп берерин билдиришти.

Така - Бангладештин валюта бирдиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан