Чүй облусунун Бекитай айылында сугат каналынан 3 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 26-август күнү Жайыл районунун Сары-Булак айылында 2017-жылы туулган кыз каналга түшүп кетип, ошондон бери изделип жаткан.
"Бүгүн, 5-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 31 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин алкагында саат 16:45те Бекитай айылында сугат каналынан кыздын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди", - дейт мекеменин маалымат катчысы.