Индия өлкөсү Кытайдын 118 тиркемесин колдонууга тыюу салды

Индия мамлекети Кытайдын 118 түрдүү программаларын колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет. Тыюу салынган тиркемелерге PUBG Mobile, VPN for TikTok, Baidu жана башкалар кирет.

Ал эми Индиядагы PUBG Mobile тиркемесинин бир айлык аудиториясы 40 миллион адамды түзөрү айтылып жүрөт.

Буга чейин июнь айында жергиликтүү бийлик TikTok, WeChat жана Weibo сыяктуу 59 колдонмого тыюу салган. Анда бул программалар Индиянын эгемендигине жана бүтүндүгүнө зыян келтирери айтылган.

"Индия өкмөтү мындай чечимди Кытай менен болгон геосаясий чыңалуунун шартында кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2020-09-06 14:49:43
Индиянын Кытайга карызы жок окшойт,санкцияларды киргизип жатканына караганда.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан