Адис смартфон адамдын эс-тутумуна кандай таасир тийгизерин айтты

Мобилдик телефондорду, смартфондорду колдонуу адамдын эс-тутумуна тескери таасирин тийгизип, окуяларды жана маалыматтарды эстөөнү начарлатат. Бул тууралуу орусиялык терапевт-дарыгер Олеся Набокованын билдирүүсүнүн негизинде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Смартфондун адамдын организмине тийгизген терс таасиринин бири бул эс-тутумдун начарлашы.

"Телефонго сүрөткө түшүү, уюлдук каражатта иштөө, навигацияны пайдалануу жана көп убакыт интернеттен маалыматтарды кароо эске тутууда көйгөй жаратат. Чакан изилдөөлөрдүн жүрүшүндө маалыматты эркин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда (чексиз интернет) биздин фактыларды эске сактап калуубуз бир кыйла начар болору аныкталды", - деп билдирген дарыгер.

Изилдөөнүн жыйынтыгында смартфондорду активдүү колдонгон балдардын калем сап менен жазууда каталары көп болуп, иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөөсү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2020-09-06 19:51:31
Эн туура
0
aliya-leyla
2020-09-06 20:53:54
онлайн окуу анда олуп атыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан