Чүйдө сууга түшүп кеткен 26 жаштагы кыз 15-августтан бери изделүүдө. ӨКМнын маалымат кызматынан издөө иштери күн сайын жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Ошондон бери жүргүзүлүп жаткан издөө иштери натыйжасыз болууда. Бүгүн, 6-сентябрда издөө иштери улантылып, ага 16 куткаруучу тартылганын кошумчалашты мекемеден.