Кечээ, 6-сентябрда Ош шаарынын Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кең-Сай айылында жайгашкан кездеме ишканасынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу саат 20:08де маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 4 бөлүм, авто шаты, 10 куткаруучу тартылган. Өрт саат 21:35те чектөөгө алынды. Ал эми саат 00:15те өрт толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метр. Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.