Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан 29 жаштагы бир адам каза болуп, 2 киши жаракат алды

Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 7-сентябрда болжол менен саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) катталган.

"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган 2 эркек киши жабыркап, 29 жаштагы 1 эркек адам каза болгон. Жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кетишкен. Каза болгон адамдын жансыз денесин куткаруучулар унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан