Өкмөт башчы партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт", - деди өкмөт башчы.

Коопсуздук кеңештин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи.

Штабдын жыйынында саламаттыкты сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды.

Премьер-министр бул маселелерди сапаттуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан