Өткөн аптадагы соодада "Apple" компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы 8 пайызга төмөндөп, дээрлик 180 миллиард долларга арзандады. Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, бул - АКШ базарынын тарыхындагы компаниянын наркынын рекорддук төмөндөшү.
Бирок ага карабастан, "Apple" компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы дагы эле 2 триллион доллардан ашык.
Мындан сырткары "Facebook" компаниясынын акциялары 3,8 пайызга төмөндөгөн. Ал эми "Alphabet" холдингинин акциялары 5,1 пайызга, "Amazon" команиясыныкы 4,6 пайызга, "Netflix" 4,9 пайызга жана "Microsoft" 6,2 пайызга төмөндөгөн.