Ысык-Көлгө мал багуучу болуп барып, фермердин унаасын уурдай качканга шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

ИИМдин мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга байланышкан кылмыш ишинин бетин ачышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

19-август күнү Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда ВАЗ 2105 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай, бетон бордюрга сүзүлгөн. Натыйжада айдоочу качып кеткен. Аталган окуяны териштирүүнүн жүрүшүндө ал ВАЗ 2105 унааны Ысык-Көл облусунан айдап качып кеткендиги аныкталган. Унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө унаасын жоготкон жарандын ошол эле күнү мал багуучусу жоголуп кеткен. Ал жарандын аты-жөнүн тактоого дагы мүмкүн болгон эмес. Анткени мал багуучу Ош базарындагы радио түйүн аркылуу жумуш бериле тургандыгы жөнүндө жарыядан улам келип, иштеп жатканына үч күн болгон. Ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, шектүү Чүй облусунун 18 жаштагы жашоочусу А.Н. аттуу жаран экени аныкталган. Ал мурда соттолгону белгилүү болгон.

"Жогорудагы жаран жумуш берүүчүсүнө өзүн башка ат менен тааныштырып, фермердин мүлкүн ээлеп алууну башынан эле көздөп жүргөнү белгилүү болгон. Жумушка орношконуна үч күн болгондо эле ээсинин унаасын уурдап кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле уюлдук телефон уурдоого да шектелүүдө. Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экени териштирилүүдө. ИИМдин мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жумуш берүүчүлөргө, өзгөчө региондордо жашаган жарандарга убактылуу иштеген же убактылуу жалданып иштеген жумушчулардын документтерине көңүл бурууга чакырат. Башка учурларда тааныбаган адамдардын аты-жөнүн тактоо үчүн милициянын аймактык ыйгарымдуу тескөөчүлөрүнө кайрылуу керек", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан