Ысык-Көл облусунда 1990-жылы туулган Кайрат Жумабек уулу изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Кайрат Жумабек уулунун кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ал 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн Тойота-Камри үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, көзү күрөң, кыска сакалы бар.
Дайынсыз болгон жарандын кайда жүргөнүн көргөн, билгендер болсо төмөнкү телефон номерлерине чалып маалымдап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефон номери: 0(551) 04-02-02, 0(707) 04-02-02, 0(555) 34-79-94,
0(312) 26-62-61.