Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын доо арызы каралууда. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин "саясий чечим" деп баалаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко кайрылган.