"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын кароо 9-сентябрга жылдырылды

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын доо арызы каралып, жылдырылды. Арызды Бишкек административдик соту карап жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин "саясий чечим" деп баалаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Felice41
2020-09-07 19:16:17
Элдин кыжырына дагы тийип жатасынар!
+3
Syimyk.isaev
2020-09-07 19:20:19
Ненди күн карама соттор! Соке да бир нерсе көргүсү келип калыптыр! Чоң бир митинг кылыш керек! Элди тоготпой атышат булар!
+5
Jelezo
2020-09-07 19:51:24
Асылбек не кылаарын билбей жатат оң жака баса араба сынат,сол жака басса өзү сынат болуп. Эми үй бүлө мүчөлөрү кеңешет эмне кылалы. Сокенин акыркы куплет ырлары бүтүп калган окшойт каапыр.
+4
PROS
2020-09-07 20:13:44
Жылдырып отуруп шайлоого болгондон кийин чечим чыгарышат го дейм.
-2
Kyrgyz_bloger
2020-09-07 20:18:19
Кыргызстан партиясынын эки соту тен жылган эмес го,мне болуп кетти бугун.
+1
Nursul
2020-09-07 20:31:56
Ушунтип сотту жылдырып эптеп шайлоого катыштырбай койуштун айласы болуп атат окшойт
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан