Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалитетке сейил бак кароосуз абалда калды деп көптөгөн жарандар арызданышкан
"Августтун аягында сейил бакта тартип бузуулар аныкталып, санитардык тазалоо боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине протокол түзүлгөн", - деп билдиришти мэриядан.