Францияда 80 жаштагы карыя чымын өлтүрөм деп үйүн өрттөп салды

Франциянын түштүк-батыш аймагындагы Паркуль-Шено айылында пенсионер чымын өлтүрөм деп жатып аз жерден аман калды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Окуя өткөн аптанын жума күнү болгон. Анда 80 жаштагы карыя ашканада тамак жасап жатып, ага тоскоолдук жаратып жаткан чымынды өлтүрүүнү чечкен. Аны өлтүрүү үчүн чымын өлтүрүүчү электр шапалакты колдонгон. Бирок электр шапалагы тамак жасап жаткан газдын жанында тургандыгы жана газ толук жабылбагандыктан, токко чыңалып, чымынды чапканда жарылып кеткен. Карыя жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми карыянын үйүнүн чатыры жарылуудан улам жараксыз болуп калган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан убактылуу баш калкалоочу жай берилери айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан