Индиянын Жаркханд штатында дарыгерлер кыздын ашказанынан 6 килограммдан ашык салмактагы чач алышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
17 жаштагы Свиттиз Кумари ооруканага ичи ооруп кайрылган. Дарыгерлер анын ашказанынан ири көлөмдөгү шишикти көрүшкөн. Бирок операциянын жыйынтыгында ал чач болуп чыккан.
"40 жылдык тажрыйбамда мынчалык топтолгон чачты көргөн эмесмин. Бул оору адамдарда сейрек кездешет. Муну трихофагия же рапунцель синдрому деп аташат. Мындай абалда адам өз чачын жеп баштайт", - деген дарыгер Сахунун.