Менин жерим: Уникалдуу музейди мурастаган айтылуу кар жатпас кара Кочкордун Дөң-Алыш айылы тууралуу баян

Тектеш кабарлар: Менин жерим (54 материал)

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Дөң-Алыш айылы тууралуу сөз болот. Дөң-Алыш айылы жөнүндө баянды айылдын тургуну, жаш акын Бегайым Нурлан кызы айтып берди.

Ар бир адамга өзүнүн киндик каны тамган, туулган жеринин топурагы алтын болот эмеспи. Алыскы суналып жаткан бийик-бийик тоо этектерин этектеп, кооздугуна, көркүнө сөз жетпей көптү суктандырган Дөң-Алыш айылыбыз - Талаа-Булак айыл округунун борбору. Каракол суусунун түндүк-чыгыш тарабында, райондун борбору Кочкордон 65 чакырым түндүк-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 120 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Калкынын саны 3 миң 478, айылда 1938-жылы ачылган орто мектеп, айылдык-врачтык амбулатория, дарыкана, бала бакча, клуб, кичи футбол аянтчасы бар.

Дөң-Алыш айылынын тарыхында кандуу окуялар көп болгондугу айтылып келет. Маселен, 1916-жылкы көтөрүлүштө өлүм жазасына тартылган жол башчылардын бири Канат хан дал ушул жерде төрөлгөн. Ар бир жергиликтүү тургун бул инсан тууралуу сыймыктануу менен айтып берет. Канаттын атасын өлтүрүп кетишкенде кылмышкер тарапты элдин бейпилдиги үчүн кундан кечип, кечиргендиги айкөлдүктүн белгиси. Элибиз да ынтымакта, тынччылыкта Канат хан түзүп келген жолду улантууда.

Билим берүүгө ар убак көп көңүл бөлүнгөндүктөн айылда мектеп-медресе курулган, ал жерде илимпоз, ишмер Ишеналы Арабаев билим алган.
Көпчүлүктү күйүткө салган 1916-жылы аскердик-тыл иштерине 19 жаштан 43 жашка чейинки эр-азаматтарды тартуу боюнча падышанын буйругу чыкканда ага бүтүндөй өрөөн каршы чыгат, ошондо калк Канатты өз жөрөлгөсү менен хан көтөрөт. Канат хан падышалык аскерлер менен салгылашып, анын жол башчылыгы менен Токмокту алышат. Козголоңду басыш үчүн Ташкенттен солдаттардын полку тартылганда Канат хан жеңилүүгө дуушар болуп, ал Верный (азыркы Алматы) шаарында өлүм жазасына тартылган.

Баарынан кызыгы, белгилүү кыргыз инсандарынын бир тобу дал ушул кыштакта туулган. Дөң-Алыш – Канат хан менен Ишеналы Арабаевди гана эмес, алгачкы кыргыз тарыхчысы Осмоналы Сыдыков, мурдагы вице-премьер Бекболот Талгарбековду, мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловду ааламга учурган кичи мекени.

Уникалдуу музей жана Көкөбай Мамбеталиев тууралуу азыноолак кеп.

Көкөбай Мамбеталиев алгачкылардан болуп мугалимдердин арасынан Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган ардактуу биология мугалими болгон. Балдар өз жеринин табиятын жакшы таанысын деген аруу тилеги менен ар түркүн жаныбарлардын кебин жасай баштайт.
Ал чымын-чиркей жана өсүмдүктөрдүн коллекциясын да топтогон.

Нукан Көкөбаев


Экспонаттар үчүн жаныбарлардын атайы өлтүрүлбөгөнүн баса белгилеп өтүү зарыл. Өлүп калган айбанаттарды таап алган эл алып келип берчү. Алгачкылардан болуп Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алганда ошол кездеги таасирдүү адамдардын бири Турдакун Усубалиев тосуп алып, атайын унаа бөлдүрүп Көкөбай атабызга шаардан батир берүү сунушун киргизет. Бирок Көкөбай Мамбеталиев батирден баш тартып, айылга мектеп куруп берүүсүн өтүнүп, принципиалдуу түрдө "мага мектеп керек" деп көгөрүп туруп алганына Турдакун Усубалиев таң калып да, таңданып да бүтпөгөндүгүн кийин Көкөбай атабыздын уулу Нукан Көкөбаев агайыбыз айтып, "бул жөн гана мектеп эмес, бул атаңдын үйү" деп кошумчалай кеткендигин сыймыктануу менен эскерет.

Кийин ошол мектептин бир кабинетинде музей ачкан. Келечек урпактын жаркын өмүрү үчүн эч нерсесин аябаган ардактуу мугалимдин даңкы тез эле жогору жактагыларга жетип, республиканын Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин жеке буйругу менен экспонаттар борбор шаарга алып келинген. Опера жана балет театрына коюлган экспонаттарды фрунзеликтер бир ай бою көрүп, суктанышкан.

Азыр Көкөбай агайдын уулу Нукан агай өз уулу менен мектептин музейине айбанаттардын коллекциясын толуктап келет. Маселен, алар абдан баалуу артефакт — ак илбирс менен музейди толукташкан.
"Ак илбирс таманынан жабыркап, реабилитациялык борбордо кармалып турган. Уулум ал жерден өлгөнүн угуп, денесин алууга жөнөгөн. Кагаз машакатынан улам өлгөн айбанатты биз 10 күнчө ала албай, ар кайсы аткаминердин каалгасын каккылап жүрүп көптөгөн кыйынчылыктар менен суранып жатып алдык", — дейт Нукан агай. Илбирстин териси бузулуп кетерин айтканда, анда өрттөп жиберебиз деген сөзгө ызасы кайнап, ыйлап жибергендерин да кошумчалап калат.


Жергиликтүү тургундар мутант жандыктарды да алып келишет. Азыркы тапта музейде жалгыз көздүү козу жана эки баштуу музоо да бар. Музейдин эң коркунучтуу душманы — күбө болгондуктан мектептин окуучулары терилерди атайын каражат менен ар убак тазалап турушат.
Ушул тапта мектеп музейи — айылдын башкы көркөм жайы. Жергиликтүү тургундар аны ар бир мейманына сыймыктануу менен көрсөтүшөт.

Айылыбыз таланттуу инсандарга, өнөрпоздорго бай. Мектептин ичи-тышы толук капиталдык ремонттон өткөн, бардык шарттары менен, кичи футбол аянтчасы курулган. Айылдын жигиттеринен куралган футбол, көк бөрү командалары бар. Мектебибиз 2018-2019-окуу жылында Нарын облусундагы "Эң мыкты мектеп" номинациясынын ээси болгон, окуучуларыбыз ар кандай кароо-сынактарда, олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Окуучулар тоонун түбүндөгү жөнөкөй мектеп болгонуна карабастан предметтик олимпиадалардан республикалык деңгээлге чейин чыгып, ал тургай ЖРТдан 200дөн жогору упай топтой алышкан. Атүгүл айылда мектеп курагында китеп чыгарткан окуучулар да бар. Алар Гүлүмкан Кубанычбек кызы, Бегайым Нурлан кызы жана Бекболсун Токтосун уулу.

Айыл тууралуу баяндын аягында Бегайым Нурлан кызынын калемине таандык "Дөң-Алышым" аттуу ырды сунуш кылабыз.

Дөң-Алышым


Көздөн учуп көркөмүң, көчөлөрүң,
Көйнөктөрүм көтөрүп көчөдөмүн.
Качан эми коном деп гүлдөрүңө,
Куса болуп келатат көпөлөгүң.

Сайда сууңду сагынып баратамын,
Сага барып сагынчым таратамын
Чый-пый жаны, чыдабай чыйпылыктап,
Чынарланып келатат балапаның.

Ойлор толуп, салып санаа олпогун,
Сенден карыш алыс кетсем коркомун.
Көргүм келип шибер жыттуу чөбүңдү,
Ойго батып келе жатат торпогуң.

Басып санаа, сарсанаанын кулумун,
Өңүм кетип, өксүк басып курудум.
Чаң жыттанган илебиңе зар болуп,
Улкуп-жулкуп учуп барат кулунуң.

Абаң-дары, арбып барат сагынуум,
Дөң-Алышым, ак бешигим, айылым.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан