"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралууда. Сотто күбө катары Атыр Абдрахматова суралып жатат

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат. Күбө катары аталган комиссиянын мүчөсү Атыр Абдрахматова келди. Ал комиссиянын 3-сентябрда өткөн жыйыны боюнча айтып жатат.

"БШКнын 3-сентябрдагы жыйынында комиссиянын мүчөсү, доклад жасап жаткан кесиптешибиз чарчап кеткени тууралуу айтып тыныгуу жарыялоону сунуштаган. Мен жумушчу топтун башка мүчөлөрү баяндама жасасын деп сунуш бергем. Бирок тыныгуу жарыяланып созулуп кетти. Жыйын улангандан кийин жумушчу топтун жаңы корутундусу таратылып берилген эмес. "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартуу сунушун беришти. Мен 40 мүнөттөн кийин эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын сурадым. Документти көрбөй туруп добуш берген мыйзамга каршы", - деди Абдрахматова.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясын "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.

БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Genka
2020-09-09 12:58:01
Абдрахматова ото чынчыл,журогу таза,чындык учун курошкон адам экенин корсотуптур.Кээ бир начальниктен коркуп хоп дей тургандардан эмес экен
+6
Imon7
2020-09-09 13:24:49
Мен Бутун менен Мадумаровдун жактоочусу эмесмин. Бирок мыйзам баарынан жогору турушу керек
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан