БШКнын мүчөсү: "Бүтүн Кыргызстанды" каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу сунушу колдоо таппаса, каттоодон өткөрүү сунушу добушка коюлмак"

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев сотто күбө катары суралып жатат.

"3-сентябрдагы жыйында "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу сунушу колдоо таппаса, экинчи сунуш добушка коюлмак. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон өткөрүү сунушу болмок", - дейт Асаналиев.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан