Колдоочулар сыртта 10 саат күтүштү: Сот "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызын канааттандырды (видео)

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды.

7-сентябрда сот бүгүнкү күнгө жылдырылган. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан