Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат.
Анда депутаттыкка талапкер Курсан Асанов сөз сүйлөп, өлкөдө чындык орногондо гана ар тараптуу өнүгүү болорун айтат. "Биз бүгүнкү күндө чындыкты, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылабыз" дейт ал.