Өзбекстандын Андижан облусунда дүйнөгө белгилүү "Nike" жана "Adidas" бренддеринин кроссовкалары чыга баштайт. «Узчармсанат» ассоциациясы дүйнөлүк бренддер менен бир катар келишимдерди түзүүгө жетишкен. Бул тууралуу аталган ассоциациянын башчысы Фахриддин Бобоевдин билдиргенине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Биздин рынокко кирүү үчүн "Nike" жана "Adidas" компаниялары менен келишим түзүлдү. Жакында Андижан облусунда спорттук бут кийимдерди чыгаруу башталат. "Сино Интернешнл" ЖЧКсынын заводунда, аутсорсинг шартында 3 миллион жуп бут кийимди дүйнөгө белгилүү бренд менен чыгаруу пландаштырылууда", - деп билдирген Бобоев.
Ал белгилегендей, Өзбекстанда жогорку сапаттагы булгаарынын көлөмү жетиштүү, башка өлкөлөргө салыштырмалуу жумушчу күчү кыйла арзан.