Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Сот имаратынын алдында турган партиянын тарапташтарына партия лидери Адахан Мадумаров чыгып, аларды жеңиши менен куттуктады.
"Бул жеңиш жарандардын шайлоого катышуу укугунун жеңиши. Эл деген бийликтин бутагы. Элдин каалоосу менен жүргөн гана бийлик бийик боло алат. Бизге чет өлкөдөн дагы мекендештерибиз чалып, тилектештигин билдирип жатышат. Ал эми силер ушул жерде он сааттан бери суу ичпей турасыңар. Силерге рахмат. Биз шайлоого ушундай алешемдиктер менен күрөшөбүз деп бара жатабыз. Биздин максат кызмат кылуу. Ачкан курсакты тойгузсак болот, бирок өз укугубуз менен өзүбүз күрөшпөсөк болбойт. Алдыда күрөш турат. Биз тушалган аттай болуп бир аптадан бери турдук. Ал эми башкалар элди, жерди кыдырып жүрөт. Бизда эртеңден баштап шайлоо процессине катышып баштайбыз", - деди Мадумаров.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.