Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш компаниялары кайрылып, жаран Д.Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын билдиришкен.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн №19 “А” дарегинде жайгашкан “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылга чейинки маалда курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 7 жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алганы анык болгон.
"Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 миллион 352 миң 049 сомду түзөт. Д.Ибраевге байланышкан жогорудагы 7 окуя Бишкек ШИИББинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 2019-жылдын 24-декабрь күнү Д.Ибраев алдамчылык фактысын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө сыртынан кабарланып, ошол эле күнү ага карата Свердлов райондук соту тарабынан сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган. 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Д.С.Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Азыркы учурда издөөгө алган Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу жарандар, араңыздарда Д.С.Ибраевдин алдамчылык иш-аракетинен жабыр тарткандар бар болсо, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн “64 “а” дарегинде жайгашкан Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына кайрылууңуздарды суранабыз.
Байланыш телефондору: нөөмөт бөлүмү 0(312) 43 71 68;
Тергөө кызматынын башчысы: 0(312) 68 12 68; тергөөчү 0(550) 10 20 86.