Бишкектеги Биринчи Май райондук соту бүгүн, 9-сентябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин кароону улантты. Бул тууралуу "Акипресс" агенттиги жазды.
Отурумга Адылбек Эсенбаев төрагалык кылган.
Сот жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу процессти кийинкиге жылдырууга мажбур болгон.
Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочулары Ч.Жакупбекова, Т.Токтакунова, О.Жукова жана Ю.Богданова.
Сот аталган жактоочулардын отурумга келбегенин сотту сыйлабагандык деп баалаган.
"Сотто буйрукту бузгандарга таасир этүүчү юридикалык инструменттер бар. Бир-эки жактоочу бошобой жатса, анда ал түшүнүктүү, бул иште 4 жактоочу болуп жатат. Алардын жоопкерчиликсиз мамилеси соттук процессти башка күнгө жылдырууга аргасыз кылды", - деп кошумчалаган сот.