"Apple" компаниясы 10-сентябрда Сингапурда биринчи жолу суу астындагы дүкөнүн ачат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дүкөн "Marina Bay Sands" мейманканасынын жанында жайгашкан. Бул 114 бөлүктөн турган айнек куполду чагылдырат. Компаниянын айтымында, аталган дүкөн мындай типтеги биринчи объект.
"Шар формасындагы курулуштун ичинде пардалар, жогору жагында тегерек терезе бар. Дүкөндүн суу алдындагы кабатында жыйындар залы дагы жайгашкан. Ал "Apple" компаниясынын Сингапурдагы үчүнчү дүкөнү болот жана анда 148 адам иштейт. Дүкөндүн кызматкерлери жалпысынан 23 тилде сүйлөй алышат. Алар аралыкты сактоону, дүкөндө азыраак адам болушун көзөмөлдөшөт", - деп айтылат маалыматта.