Акыркы кезде интернет айдыңында кыргыз мигранттары катышкан, жана жакшы жагынан алкышка татыган видеолор жарыялана баштады. Алсак, жакында эле Азамат Нуржанов аттуу Кыргыз жараны Москва шаарындагы пранкка туш болуп, анда ал уурдалып баратат деп ойлогон кичинекей баланы сактап калган. Буга улай эле ушул аптада колдонуучулар тарабынан Москва шаарындагы дагы бир Кыргыз жараны катышкан пранктын видеосу талкууга түштү. Аталган видео Эдвард Бил аттуу пранктын социалдык тармактагы баракчасына ушул жылдын май айында жарыяланган. Бирок интернет колдонуучулар аны азыр да талкуулашууда.
Анда Тынчтык аттуу мекендешибиздин бейтааныш адамды коргоо үчүн мушташка түшкөн пранктын видеосу тартылган. Анда уюштурулган социалдык эксперименттин максаты бир кесипте иштеген адамдар бири-бирине канчалык деңгээлде күйүмдүү экенин көрсөтүү болгону белгиленет.
Сценарий боюнча Эдвард Бил пицца жеткирүүчү адамдын формасын кийип, өзүнө окшогон пицца жеткирүүчү адамдардын жанына барат. Ошол маалда ал атайын даярдалган актёр менен уруша кетет. Актёр спорттук дене түзүлүштөгү киши болгондуктан Литвинди уруп жатканда көбү киришүүгө даай албай койгон. Видеодо көрүнгөндөй, арасынан 2-3 гана адам сокку алып жаткан бейтааныш адамга жардамга келет. Алардын бири Кыргыз мигранты экени кийин белгилүү болгон. Кыргыз жигити тайманбастыгы үчүн пранк ээсинен белекке велосипед жана 20 миң рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алган.