Орусиялык оппозициячыл саясатчы Навальный уулануудан кийин толугу менен эсине келди

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлиндеги “Шарите” ооруканасында комадан чыгарылгандан кийин толугу менен эсине келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Берлин полициясы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга карата коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирди. Ошол себептүү Берлиндеги "Шарите" ооруканасында Навальныйды кайтарган полиция кызматкерлеринин саны көбөйдү.

Буга чейин дүйшөмбү күнү оппозициячыл саясатчы комадан чыгарылганы кабарланган.

Ал эми дарыгерлер Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Ал 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан