Бир ай бою косметикалык каражаттарды колдонбой койсо, териде кандай өзгөрүү болот?

Сиз буга чейин жумушка баруу үчүн макияж жасоону токтотсом эмне болот деп ойлонуп көрдүңүз беле?

Айымдар күнүгө эртең менен күзгү алдында көп убактыбызды өткөрүп, таза терини декоративдик каражаттар менен "азыктандырып", каш тартып, кирпиктерди боёп турабыз. Бул убакытты жарым сааттык йога сабагы, сериалдын эпизодун көрүү же китеп окуу үчүн коротсок жетиштүү болмок. Күн сайын эртең менен косметикалык сумкаңызды кайра-кайра ачып боёнгондун ордуна уктап алганыңыз кандай жакшы.

Эгерде сиз ушундай экспериментти аткарып көрөм деп чечсеңиз, анда алгач тааныштарыңыздын ден соолугуңузду сурай тургандыгына даярданыңыз. Ушуга окшогон көрүнүштөрдү жөн гана кабыл ала билиңиз жана чыдамдуу болуңуз, эки күндөн кийин алар сиздин табигый көрүнүшүңүзгө көнүп калышат.

  • Сиздин териңиздин сапаты жакшырат.

Адистер макияж көп учурда биз ойлогондон дагы зыян экендигин белгилешет. Комплекстүү элементтер жана жыпар жыттар клеткаларга терс таасирин тийгизет. Теринин бир ай бою косметикалык каражаттан кандайча эс алып, эркин дем алганын элестетип көрсөңүз. Мындай кадам теринин сергек болушуна, анын түсүнүн жакшыруусуна салым кошот. Ошондой эле майлуу жылтырдын пайда болушун жайлатат жана аны акырындык менен нөлгө чейин түшүрөт.

  • Сиз кечигүүнү токтотосуз.

Бул убакытты туура пайдалануу, анткени күндүз макияж 30 мүнөттөн бир саатка чейин созулат. Ушул убакыт аралыгында тез татым же сэндвичтин ордуна пайдалуу жана аш болумдуу эртең мененки тамакты даярдап же бир аз узагыраак уктап алсаңыз болот деп элестетип көрүңүз. Эң жакшысы сиз ар дайым үйдөн өз убагында чыгып кетесиз, буга кепилдик бар.

Өзүңүзгө болгон чоң ишеним пайда болот.

Бир аз психология тууралуу дагы кошуп кетели. Көпчүлүк айымдар элдерге өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүүгө көнбөгөндүктөн макияжсыз өзүн “жылаңач” сезишет. Психологдор аларга макияжсыз жакындары, достору, туугандары бирдей баалуулук көрсөтүшпөйт деген ойго да келип көрүшкөн. Негизинен макияждан баш тартуу кыздар үчүн кыйынга турат. Бирок биринчи күнгө туруштук бере турган болсо, табигый келбет менен жүрүү алар үчүн ыңгайлуу болуп баштайт. Керемет эмеспи?

Мисалы, боёлгон көз же кирпиктен эч коркпой көзүңүздү сүртсөңүз кандай сонун же ооз боёгучум кетип калдыбы деп сарсанаа болбой, жайбаракат тамактансаңыз жаманбы?

Өзүңүздү жок дегенде бир апта макияжсыз, бирок сапаттуу уйку жана туура тамактануу менен өткөрүүгө аракет кылып көрүңүз.

Албетте, макияждан баш тартуу дегенибиз такыр боёнбой коюу же андан баш тартуу керек дегенди билдирбейт. Кече же жолугушуу - бул принциптерди бузуунун олуттуу себеби, бирок эртеси күнү кайрадан эрежеге кайтып баруу сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sultan_bek
2020-09-11 11:09:34
Кыздар сулуу болуп, чачыңарды кое берип, жакшынакай корунуп жургону жакшы.
-2
Baktyluumun98
2020-09-11 11:52:18
Эхх кандай сонун. Менде макияж боюнча проблема жок. Керектуу учурда (той, корпоратив ж.б.) боёном, бирок боёнсом деле озгоргон жоксун, кээде жарашпай калды дешет. кунумдук жашоомдо озум сулуумун.
+1
momun74
2020-09-11 14:15:10
Бойдок кезимде жумкшка боёнбой келгсем бир жерин ооруп атабы дешкен ошол эсимден кетпейт. азыр боенбойм жараткан берген суп сулуу жузум мн журом озумдуу аябай эле бактылуу сезем макияж жасасам бетимди боёктор мн дымдап алгандай болуп кыжаалат боло беремда жууп салып женилдей тушом
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан