Орусиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков алып баруучу Ассоль Молдокматовадан моралдык чыгым катары 1 миллион доллар талап кылууда. Бул тууралуу Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео кайрылуу жасады.
Анда орусиялык шоумен Ассоль Молдокматова аны нацист деп атаганы үчүн моралдык компенсация талап кылып жатканын айткан.
"Менин тез тамактануучу жайдын кызматкери менен болгон окуямды өзүнүн жеринде таанымал болгон алып баруучу көбүртүп, мени "нацист" деп атады. Жогоруда сөз болгон Ассоль Молдокматова бул сөздүн маанисин билбесе керек. Бул аракети менен ал кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгүн мага кайраштырып койду. Ал конфликт көп өтпөй чечилгени менен бүгүнкү күнгө чейин менин өлүмүмдү тилеген каалоолору жок бир да таңды тосо элекмин. Буга байланыштуу алып баруучуну улуттар аралык кастыкты күчөткөнү жана менин үй-бүлөмдүн уйкусуз түндөрү үчүн жоопкерчиликке тартууну чечтим. Ассоль Молдокматовадан мага карата айткан сөздөрүн коомдун алдында жокко чыгарышын талап кылам. Бул боюнча ишти юристтердин колуна тапшырдым. Алар менен биргеликте мыйзамдуулуктун сакталышына жетишем деп ишенем", - деген шоумен.
Август айында орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган.
Окуянын видеосу жарыяланып, ал социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан.