Ошто унаада бара жатып терезеден асманга карай ок аткан жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 12-сентябрда орун алган.
"Интернет колдонуучусу тарабынан Фейсбукка видео жүктөлүп, анда бир жигиттин унаанын терезесинен асманга карай ок чыгарып, кыйкырып бара жатканын көрүүгө болот. Бул видео иликтенип, анда тапанча кармаган жаран 2000-жылы туулган М.М. экени аныкталды.
Белгилүү болгондой, окуя 12-сентябрда орун алган. Анда Ноокат районуна тойго бара жаткан жигиттердин арасынан бирөө Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын чыга беришинде асманга карай ок атканы видеотасмага түшүп калган. Тапанча пневматикалык экени аныкталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда кармалган жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү каралып жатат", - дешти мекемеден.