Сокулукта цехтен өрт чыгып, 3 тонна кездеме калдыктары күйдү. Кырсыктан куткаруучу жаракат алган (фото)

Чүй облусунун Сокулук районунда кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтен өрт чыгып, 1 киши жабыр тартты. Маалымат ӨКМнын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Сокулук районунун Манас айылындагы жыгач устундуу темир жабылган кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин 700 чарчы метр чатыры жана 3 тонна кездеме калдыктары күйгөн. Өрттүн кесепетинен өрт өчүрүү кызматынын 1 кызматкери бети-колунан жаракат алды. Азыркы учурда жабыркаган жарандын абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан