11-сентябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн М-1 Selection эл аралык турниринде Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан үч мушкер тең мөөнөтүнөн мурда жеңилүү ызасын тартты.
Кыргыз мушкерлеринин жыйынтыктары: Бексултан Замирбек уулу - Оятулло Муминов (Тажикстан), 1-раундда техникалык нокаут менен Муминовдун жеңиши;
Нуржигит Караев - Мири Садыгов (Орусия), Садыговдун 46 секундда жеңиши;
Бекмырза Пиримберди уулу - Николай Чернышев (Орусия), 2-раундда техникалык нокаут менен Чернышевдин жеңиши.