Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"COVID-19 пандемия учурунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки медициналык мекеме бекитилген: Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору. Аталган мекемелерди көзөмөлдөө учурунда 2020-жылдын 8-июлунан тартып коронавирус илдетине чалдыккан бардыгы – 1 миң 116 адам дарыланууга келген. Алардын ичинен 1 миң 79у айыгып, 37 адам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.