Фарид Ниязов: "УКМК атайын операцияда каза болгон "Альфанын" командиринин орун басарына күнөөнү оодарууну көздөп жатат"

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Кой-Таш окуясы боюнча жүрүп жаткан сот иши боюнча билдирүү жасады. Билдирүүнү КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады.

"Альфанын" 7 спецназы суракка алынды. Анда белгилүү болгондой, УКМКнын жетекчилиги 7-августта атайын операция учурунда каза болгон "Альфанын" командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго күнөөнү оодарууну көздөп жатат. Атайын кызматтын өкүлдөрү берген көрсөтмөлөрүндө адашууда. Алар кысым астында бийликке керек далилдерди берүүгө аргасыз болуп жатканы айдан ачык. Алар жоокерлер жана башчыларына баш ийишет. Спецназдарга жактоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп берүүдө сот жана мамлекеттик айыптоочулар тоскоолдук жаратып жатышат", - деп жазган Ниязов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан