Ысык-Атада 20 жаштагы жигит атасы менен уруша кетип өзүнүн кекиртегин кесип салды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 20 жаштагы жигит атасы менен уруша кетип, өзүнүн кекиртегин кесип салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү саат 21:27де райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага денесинен жаракат алган 20 жаштагы А.Э. аттуу Кегети айылынын тургуну келип түшкөнү кабарланган.

"Анда жигит атасы менен уруша кетип, ашкана бычагы менен өзүнүн кекиртегин кесип салган. Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу Чүй облустук ооруканасында дарыланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Targarien
2020-09-15 01:15:16
Очошкондун озунун шору
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан