Биз социалдык тармакта

Жогорку окуу жайлардагы коррупция боюнча маселе талкууланды

Жогорку окуу жайлардагы коррупция боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Семинарда жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы билим берүүнү илгерилетүү маселелери каралды. Университеттер бул жааттагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, коррупцияга каршы билим берүүнү жана ак ниеттик, академиялык чынчылдыкты киргизүү боюнча алдыда жасалчу кадамдарын талкуулашты. Катышуучулар билим берүү аркылуу коррупцияны алдын алуу - антикоррупциялык саясат боюнча маанилүү багыт экенин белгилешип, бул көрүнүштүн кесепеттерин жана күрөшүү механизмдерин аташты.

Семинарда ошондой эле “Антикоррупциялык саясаттын негиздери” жана “Коррупциянын алдын алуу негиздери” деп аталган окуу колдонмолору тааныштырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2020-09-14 15:41:58
Коррупциянерлер оздору коррупцияны талкуулаганда куйуп кетесин да.
+3
Makul
2020-09-14 23:01:26
Айлыктарын көбөйтүшпойбү биринчи. Мектептикинен да аз алышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан