Бишкекте жарандык активисттер Беларусь элин колдоп акция уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Төлөкан Исмаилова билдирди.
Акция Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында өттү. "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан Беларусь эли масштабдуу кысымга алынып жатышат. Биз авторитардык, таза шайлоо принциптерин тебелеген, тепсеген бийликке каршыбыз. Ошондуктан аларды колдоп элчиликтин алдына акцияга чыктык", - дейт Исмаилова.
Эске салсак, митинг, нааразычылык акциялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталган.