Абалы оор. Аламүдүн-1 районунда батирден чыккан өрттөн 71 жаштагы жаран денесинен күйүк алды

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде өрт чыгып, 71 жаштагы жаран денесинен күйүк алды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан бүгүн, 15-сентябрда кабарлашты.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, 14-сентябрда аталган райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан өрт чыгып, үй тиричилик буюмдары күйгөн (отургуч, жылыткыч, 2 терезе, эшик).

"Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган эркек киши III даражадагы күйүк алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Абалы оор. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан