Кечээ,14-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын алгачкы дебаты болуп өттү. Социалдык тармактын колдонуучулары болуп өткөн дебатты катуу талкууга алышууда. Алардын арасында дебаттын жоопторуна канааттангандар да бар.
Анда ага 5 партиянын - "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаштар канатынын өкүлдөрү, депутаттыкка талапкерлер катышкан болчу.