Бишкекке Голливуд жылдызы Бред Питт келиши мүмкүн

Бишкекте 22-23-октябрь күндөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ак илбирсти сактап калуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өтөт. Мамлекеттик Токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Сабир Атажановдун айтымында, форумдун максаты - ак илбирстин жоголуп бара жатканына дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу. “Учурда ак илбирстин саны дүйнөдө 7 миңге чейин жетет. Алардын жоголуп бара жатышына жашоо чөйрөсүнүн алмашпаганы, азыктарынын азайышы, браконьерлер жана жергиликтүү калктын маалыматсыздыгы себеп болууда. Илбирсти сактап калуу боюнча Глобалдуу программанын кабыл алынуусу жана бул иш-чара коомчулукту ак илбирсти сактап калууга үндөйт”- деди Атажанов. 

Айта кетсек, форумга дүйнөдөгү атактуу жылдыздардын катышуусу күтүлүүдө. Дүйнөлүк банктын координатору Чыңгыз Кочкоров маалымат жыйында буларды билдирди: Бүткүл дүйнөлүк форумга Голливуддун жана дүйнөгө белгилүү спорт жылдыздары катышат. Биз Бред Питт, Форд Харрисон, атактуу теннисчи Роджер Федерер, Япониянын ханайымы жана Орусиянын кино жана эстрада жылдыздарын чакырдык”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
PROS
2013-09-19 21:57:52
Илбирс жоголуп баратса Питт сыяктуу жылдыздар келип ырдап, бийлеп койсо кобойуп кетет имиш, тообо кылдым!!!!
+3
kanat_kyrgyz
2013-09-19 22:55:18
PROS, биринчи Бред Пит келсин. Келип кеткекенден кийин коробузда ырдайбы, ыйлайбы. Мумкун жолугушуга активный катышып кететир. Бул жерде ырдап билеп берсе илбирс кобойуп кетет имиш деп жазбаптырго. Сен баардык адамдарга тетири коментарии берет экенсинда. Окумотуда, опазицяныда иштегенине. Бир нерсеге терен маани берип жазсан.
0
Baktyluumun
2013-09-20 00:32:04
PROS, :D жакты ком.
0
ketsinizm
2013-09-20 03:32:33
PROS, Alar kelse owolordun arti m-n el da bilip kalat ilbirsterdin jogoluwu aktualduu masele ekenin. Jetkiliktuu elebi?
0
PROS
2013-09-20 09:48:33
ketsinizm, биринчиден ак илбирстин жоголуп баратышына дуйно элинин конулун бурдуруп кереги жок, эмне дуйно эли келип жок кылып атыптырбы? Албетте озубуздун эле чондор! Мен оз козум м.н коргом бир депутатка илбирсти тируулой алып баратышканын! Экинчиден ал жылдыздарын биздин жылдыздардын тойго келген акчасына келет дейсинби?! Ушул форумга кеткен акчага кичине кошумчалап илбирс бар жерлерди корукка алып козомолдосо болбойбу?! Же чет элден келип коргоп берет бекен?!
0
Umka220190
2013-09-20 10:24:44
PROS, бул жылдыз дүйнө жүзүнө актер катары эмес, кайрымдуулугу менен таанымал. Анжелина Джоли экөө көп элдерге жардам берип жүргөнүн билсеңиз керек. Балким, Кыргызстандын жаныбарлары тууралуу уккан да жардам бергени келе жатат. Негатив эле боло бербей, позитивдүү да жазсаңар.
0
PROS
2013-09-20 10:56:41
Umka220190, пендеден кайрымдуулук тилебей жараткандан чондорубузга ыйман тилейличи!!!
0
Umka220190
2013-09-20 11:02:31
PROS, кайрымдуулук бизге-адамдарга кереги жок, бирок биздин жаныбарларга керек. Мага чоңдорубуз эмне болуп жатканы баарыбир. Мага жаныбарлардын кырылып жоголуп жатканы баарыбир эмес.
0
Tatishka
2013-09-20 00:11:49
жакшыго
0
Rolankgb
2013-09-20 01:32:53
PROS ха ха суйлойсунго Питт келсе можеть илбирстерге урук таштап кетер ошондо кайра кобойушотда
0
Matematik
2013-09-20 04:28:00
kelgenigo jakshy eken. Beker je kichine akchaga kelbes chygaar, kim jana kancha toloshot boldu eken, oshonusun jazyshsa bolmok!!!
0
uluk1982
2013-09-20 06:14:02
Matematik, туура айтасын, тиги түрк ырчысына окшоп келбей койсо уят эле болот))))
0
future_kg
2013-09-20 11:27:26
1000000 доллардан эки актерго толойт экен деп миш миштер айтылып жатат
0
KUMU89
2013-09-20 12:04:49
Kantseda biz aitkan m.n echnerse ozgorboit. Kelgeni dele jakwy. Kyrgyzstandy kichine bolsoda duino taanyit. Akchaga kelsek, andai akchalardyn dalaiy jok bolup jatbaiby? Myndai iw charaga jumealbai ele.
0
deva
2013-09-20 16:05:33
Ак илбирс Бишкектин символу! Бул идеяны которуп чыккандарга "5"!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан