Жалал-Абадда 44 жаштагы киши өз жанын кыюуга аракет кылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 44 жаштагы жаран өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашып, окуя 15-сентябрь күнү орун алганын маалымдашты.

"Ноокен районунун Сакалды айылынын 1976-жылы туулган тургуну насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Жерине райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан