Өзгөндө аскердик бөлүктүн офицери өзүн кокустан бутка атып алды

Ош облусунун Өзгөн районунда аскердик бөлүктүн офицери өзүн кокустан бутка атып алды. Бул тууралуу Башкы Штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 18:35 чамасында болгон. Анда офицер куралды тапшырып жатып, кокустан бутуна ок атып алган. Ошол замат окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, алгачкы жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң кызматкерди облустук ооруканага жеткиришкен.

"Учурда абалы жакшы, ал жеңил жаракат алган" деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekdream
2020-09-18 09:12:10
Кайсыл аскер бөлүктө болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан