
Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Хюндай-Портер унаасы дарыяга түшүп кетип, 2 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.
Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткен. 15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 17 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 16-сентябрда дагы издөө иштери улантылат", - деп билдиришти ӨКМдан.