Балыкчыда финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип кармалган аялдар үй камагына чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип кармалган аялдар үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Кл облустук сотунда 6 аялдын бөгөт коюу чарасы каралган. Анда Балыкчы шаардык сотунун шектүүлөрдү камакка алуу жөнүндөгү токтому жокко чыгарылган.

"Соттук отурумда шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталгандыгын, Ысык-Көл облусунун аймагында туруктуу жашаган жери, үй-бүлөлүү жана жашы жете элек балдары бар экенин, мурда соттолбогонун эске алып, аларды үй камагына чыгаруу мүмкүн деген бүтүмгө келген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип 7 аял кармалганы боюнча маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aijan06
2020-09-16 20:05:29
Ии куйуп атпайбызбы ушу акмактардан. Алданып калып, супер жардам берип койгулачы сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан